• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өмүрбекова: Эмгек мыйзамдарынын эл аралык эмгек ченемдерине дал келүүсүн талдоо зарылдыгы бар

Коом 0

Бишкек. 21.03.19 /Кабар/. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын төрайымдыгы алдында Эл аралык эмгек уюмунун 1930-жылдагы Эмгекке мажбурлоо жөнүндө№ 29 Конвенциясына карата 2014-жылдагы Протоколду жана 203-Сунуштаманы ратификациялоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өттү.

Талкууга тиешелүү мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Алтынай Өмүрбекова өз сөзүндө белгилегендей, эмгек чөйрөсүндө эмгекке мажбурлоодон жана балдар эмгегинен коргоо сыяктуу негизги укуктарды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасы үчүн эл аралык эмгек стандарттарын жага ченемдерин жайылтуу актуалдуу маселе болуп саналат.

«Эмгекке мажбурлоону жана анын кесепеттерин жоюуну колдоо максатында атайын программалар башталган. Кыргыз Республикасы бул процесстерден четте калган жок. Бүгүнкү күн биз 1930-жылдагы Эмгекке мажбурлоо жөнүндө Конвенцияга карата Протоколдун жана 2014-жылдагы Эмгекке мажбурлоо жөнүндө 203-Сунуштаманын макамын аныктоого тийишпиз. Бул эки документ 1930-жылдагы Эмгекке мажбурлоо жөнүндө Конвенцияны толуктап турат, ал Эл аралык эмгек уюмунун негизги вегиз конвенциясынын бири болуп саналат», - деп белгиледи ал.

Андан соң Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Камалдин Токтосартов баяндама жасап, ратификациялоонун негиздемелерин түшүндүрдү. Анын ичинде эмгек укугунун жеткиликтүүлүгү тууралуу айтылып, статистикалык маалыматтар келтирилди. Андан соң баяндамачы протоколдун мазмунуна токтолуп, улуттук мыйзамдын кемчилдиктерине байланыштуу учурлар тууралуу айтып берди.

Алтынай Өмүрбекова КР Эмгекке мажбурлоо Конвенциясы жетишсиз түзүлгөнүн баса белгилеп, эмгек мыйзамдарынын эл аралык эмгек ченемдерине дал келүүсүн, анын ичинде эмгекке мажбурлоону аныктоо жана бул кылмыштын курмандыктарын идентификациялоону талдоо зарылдыгын ырастады.

«Эмгекке мажбурлоо кылмыш катары, ал адам сатуу жана мигранттарды мыйзамсыз ташууга тыгыз байланыштуу. Мыйзамдарды өркүндөтүү жана тажрыйбалык чараларды ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын жетишкендиктерин белгилөө менен, эмгекке мажбурлоонун тамырын кыркуу боюнча укуктук ченемдик базаны түзүү үчүн бул жааттагы иштеп чыгууларды колдонуу керек деп эсептейм», - деди вице-премьер-министр.

Алтынай Өмүрбекова ошондой эле белгилегендей, миграциялык кырдаалды эске алуу менен, биринчи кезекте, эмгек мигранттарынын жана калктын аярлуу катмарынын укуктарын коргоого кам көрүү кажет.

Жумушчу кеңешменин жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министрЭл аралык эмгек уюмунун 2014-жылдагы Протоколун жана 203-Сунуштаманы ратификациялоо боюнча иштерди кыска мөөнөттө жүргүзүүнү тапшырды. Мындан тышкары, вице-премьер-министр белгилегендей, улуттук мыйзамдарды инвентаризациялоо, ошондой эле Эл аралык эмгек уюму тарабынан техникалык жана эксперттик көмөк зарыл.

Маалымдама: Кыргыз Республикасы 1992-жылдын 31-мартында Эл аралык эмгек уюмуна мүчө болгон. Уюмга өтүүдө Кыргыз Республикасы Эл аралык эмгек уюмунун мурдагы СССР тарабынан ратификацияланган конвенциялары Кыргызстандын аймагында күчүндө кала турганын ырастаган.

Пикир

Оставить комментарий