• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Үмүт жана Ко» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн биринин үйүнөн ок атуучу куралдар, жардыруучу заттар табылды

Укук тартиби 0


Бишкек, 19.08.22. /Кабар/. «Үмүт жана Ко» ЖЧКсынын тең ээси 1970-жылы туулган А.Ж.Т. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Ал УКМК тарабынан ок атуучу куралдарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз сактаган жана колдонгон адамдарды аныктоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган.

А.Ж.Т. иштеген жана жашаган жери боюнча жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө 7,62 калибриндеги 1 даана “Калашников” автоматы менен "БРДМ 2" (Брондолгон чалгындоо жана патрулдук унаа) атайын техникасы, ошондой эле жүгүртүүгө тыюу салынган көп сандагы ок атуучу куралдар, ок-дарылар жана жардыргыч түзүлүштөр (Ф-1 гранатасы), жылмакай (мылтык) жана ар кандай калибрдеги травматикалык куралдар табылып алынган..

Белгилей кетсек, А.Ж.Т. күнүмдүк турмушта дайыма аскердик форманы (камуфляжды) кийип жүргөн жана жогоруда аталган курал-жарактарды алууга жана мыйзамсыз сактоого түрткөн агрессиянын ар кандай көрүнүштөрүнө ыктаган.

Учурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгүндө (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча каралган кылмыштын негизинде катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, кылмышка шектүү катары кармалган жарандардын үстүнөн тергөө жана тиешелүү экспертизаларды дайындоо ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө..

Кармалган А.Ж.Т. Иликтөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине алынып келинди.

Табылып алынган курал жарактар:

- 1 даана «БРДМ-2» атайын техникасы (Брондолгон чалгындоо жана патрулдук унаа);

- 1 даана БРДМга орнотулган танк Калашников автоматы;

- 1 даана КПВТ жасалма үлгүсү;

- АКСУ автоматы, сериясы No93882625;

- сериялык No 20890019 «Сайга» маркасындагы мылтык, жана 7 бош магазин;

- сериялык No NI9595 «Вепр» маркасындагы автомат жана 12 бош магазин;

- сериялык номери А09486574 «Сайга 12К» маркасындагы мылтык, жана 2 бош магазин;

- 4,5 калибрдеги "Хатсан" пневматикалык тапанчасы;

- 12 калибрдеги жылмакай мылтык;

- №1276 ТО6458 «Вепр» маркасындагы мылтык, эки бош огу менен;

- сериялык номери LO7501281 оптикасы менен «Тигр» маркасындагы мылтык;

- сериялык номери 9914596«Фабарм» маркасындагы сайсыз мылтык;

- F-1 гранатасы;

-17П сериясындагы «Форд» маркасындагы травматикалык тапанча, сериялык номери В1045780 үч огу менен;

- 1 даана Sony маркасындагы планшет, 1 даана HP маркасындагы ноутбук;

- 196 даана 7,62 калибрдеги ок дарылар;

- 423 даана 5,45 калибрдеги ок дарылар;

- 59 даана 45-калибрдеги ок дарылар;

- 21 даана 5,45 калибрдеги ок дарылар;

- 120 даана 12 калибрлүү ок дарылар;

- 28 даана өлчөмүндөгү жылмакай мылтыктар үчүн патрондор;

- 12 калибрдеги бош снаряддардын эки баштык;

- 12 калибрдеги патрондор үчүн эки магазин;

- 12 калибрдүү бош кутулары бар 1 желим баштык;

- жылмакай мылтык үчүн 12 калибрдеги 91 ок дарылар;

- 150 даана 9мм ок дарылар;

-: 3 даана 7,62х54 калибрлүү ок дарылар менен цинк , 19 даана 7,62х34; 12 даана 9 мм., 1120 даана 9х19 өлчөмүндө 7 ящик;

- 3 тангак чачма ок дары (дробь);

- 2 даана металл пластины;

- 1 даана курал пастасы;

- 1 даана курал үчүн кабык (кобура);

- 1 даана хаки аскердик түстөгү маска;

- 2 даана камуфляж;

- 2 даана от өчүргүч;

- 1 даана каска;

- 1 даана кастет;

- 1 даана «GloFeng» маркасындагы рация.

Пикир

Оставить комментарий