• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Май майрамдарында кайда барып эс алууга болот? Бишкектеги иш-чаралардын тизмеси

Коом 0

Бишкек,01.05.22. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 2022-жылдын 1-9-майына чейин көңүлдүү убакыт өткөрүүнү каалагандар үчүн Бишкекте өтө турган турган иш-чаралардын тизмесин сунуштайт.

Программага ылайык, бардык иш-чаралар Ынтымак-2 сейил багында кечки саат 18:00дө өтөт.

  • 1-2-май күндөрү Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки;
  • 3-май күнү Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры;
  • 4-май күнү Кыргыз улуттук К. Молдобасанов атындагы консерватория;
  • 5-май күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармония;
  • 6-7-май күндөрү “Манас” Кыргыз улуттук театры;
  • 8- май күнү Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры;
  • 9-май күнү Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры концерттик программаларды уюштуруп өткөрөт.

Мындан сырткары, аймактардагы театр оюн-зоок мекемелери жана маданият үйлөрү 1-3-5-7-9-май күндөрү ачык эс алуу жайларында, парктарда концерттик программаларды, көркөм окууларды, аймактан чыккан көрүнүктүү чыгармачыл ишмерлер менен жолугушууларды өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий