• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМ КСДПнын шайлоо алдындагы штабынын эсепчиси КРга кайтып келсе, анын коопсуздугун камсыздап берүүнү убадалады

Коом 0

Бишкек, 27.11.18. /Кабар/. Ички иштер министрлиги 2017-жылы президенттик шайлоодо кетирген чыгымдар боюнча тараган маалыматка байланыштуу КСДПнын шайлоо алдындагы штабынын эсепчисинин өмүрүнө жана анын үй-бүлөсүнө коркунуч туулуп жатышы мүмкүн деп айткан маалыматы боюнча текшерүүсүн улантууда.

"Эгерде КСДПнын шайлоо алдындагы штабынын эсепчиси өзүнүн жана үй бүлөсүнүн өмүрүнө коркунуч туулуп жаткандыгы боюнча маалыматтары бар болсо жана ошондой эле өлкөгө кайтып келип, ИИМге кайрыла турган болсо, коопсуздукту камсыздоо менен катар окуя боюнча ар тараптуу жана калыс иликтөөгө алына тургандыгын дагы бир жолу белгилейбиз", - деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматынан.

Кыргыз Республикасынын ИИМи кайрылууну (арыздануучу) жөнөкөй жаран же жогорку мамлекеттик кызматтагы адам деп бөлбөй туруп, бардык кыргызстандыктардын жеке коопсуздугуна байланыштуу маалымат боюнча өз убагында иш-аракеттерди жүргүзүүгө милдеттүү.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө КР Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, КСДПнын эсепчиси социалдык тармактарда президенттик шайлоодо коротулушу мүмкүн болгон чыгымдардын эсеби пайда боло электен мурда, тактап айтканда 4 күн мурун 2018-жылдын 11-ноябрында өлкөнүн чек арасынан чыгып кеткендиги аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, 18-ноябрда мурдагы президенттин айткан сөздөрүнөн кийин коомдук кызуу талкуу жаралган учурда эсепчинин баласы дагы чек арадан чыгып кеткендиги аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий