• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

10-мартта Бишкектин айрым конуштарында таза суу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. 10-мартта Бишкектин айрым конуштарында таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бейшемби, 10-мартта саат 9:00дөн 20:00гө чейин Энесай, Дордой-1, Дордой-2 конуштарында «Энесай» суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу суу берүү токтотулат.

"Турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик объектилеринде жана өнөр жайда убактылуу суу болбойт", - деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын жана мекемелерди ичүүчү суу камдап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий