• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда “Жаштар жана коопсуздук” бир айлык акциясы башталды

Коом 0

Бишкек, 25.03.24. /Кабар/. Кыргызстанда “Жаштар жана коопсуздук” бир айлык акциясы башталды, деп билдирет Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы.

Форум бүгүн президентке караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын чоң жыйындар залында старт алып, анда диний толеранттуулук, эрте никеге туруу, зордук-зомбулук, баңгизаттардын жана радикалдашууну алдын алуу боюнча чараларды көрүүнүн маанилүүлүгү тууралуу талкуулар жүрөт.

Форумда Ички иштер, Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция, Саламаттык сактоо министрликтеринин жана дин таануу тармагынын тажрыйбалуу эксперттери, адистери жогоруда белгиленгендей жаштардын коопсуздугуна байланышкан кыйынчылыктарды жеңүү жана алдын алуу үчүн изилдөөлөрү, пландары, билимдери, тажрыйбалары менен кеңири бөлүшүп, талкуулар жана мастер-класстар уюштурулат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жаштардын, студенттердин бул иш-чарага катышуусу аларга коомдогу позитивдүү өзгөрүүлөрдүн активдүү элчилери болууга мүмкүндүк берип, сабырдуу жана толеранттуу чөйрөнү түзүүгө көмөктөшөт деген ишенимин билдирет.

Иш-чара 2020-2030-жылдарга Жаштар саясатын өнүктүрүү Концепциясын ишке ашыруу максатында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий