• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Майлуу-Сууга жалпы 19 бирдик техника, 132 кызматкер тартылган — ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарына жалпы 19 бирдик техника, 132 кызматкер тартылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, Майлуу-Суу шаарынын аймагындагы катуу сууктун кесепетинен 12-январь күнү калкты таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Суу берүү системасынын башкы суу сактагычында жана суу берүүчү түтүктөр тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөгөн. Майлуу-Суу шаарын жылуулук менен камсыздаган №1, №3, №4 отказандардын жылуулук берүү системаларына суу толук келбей, жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган. Мындан улам Майлуу-Суу шаарынын аймагында III ордук даражасындагы өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

Жерине ӨКМден 32 кызматкер, 10 техника, Майлуу-Суу шаардык жарандык коргонуу кызматтарынан 78 кызматкер, 4 техника, 22 жоокер, 2 техника, жеке менчик 3 водовоз, жалпы 19 бирдик техника, 132 кызматкер тартылган. Жергиликтүү тургундарга таза суу ташылып берилүүдө.

Учурда №1 отказан жылуулук берүүдө.

Пикир

Оставить комментарий