• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жалал-Абад шаарынын айрым райондорунда суу берүү убактылуу токтотулат

Аймак 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын айрым райондорунда суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эртең, 22-сентябрда оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу саат 9:30дан 17:30га чейин Жалал-Абад шаарынын Спутник, Көк-Арт кичирайондорунда суу болбойт.

Шаардык мэрия жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий