• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун конвенциясын ишке ашыруу үчүн 10 жылга 6,6 млрд сом керек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.12.18 /Кабар/. Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун конвенциясын ишке ашыруу үчүн 10 жылга 6,6 млрд сом керек. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун билдирди.

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети "БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Майыптардын укуктары жөнүндө конвенция Башкы Ассамблеянын 2006-жылдын 13-декабрындагы резолюциясы менен кабыл алынып, 2008-жылдын 3-майында күчүнө кирген. Бир эле мезгилде Конвенцияга карата Факультативдик протокол да кабыл алынган. Анын негизги максаты баардык майыптар адамдардын укуктарын жана негизги эркиндиктерин, ошондой эле аларга тиешелүү аброюн сыйлоого артыкчылык берүү менен камтылган.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун айтымында, 2018-жылдын 1-январына карата Кыргызстандагы ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны 181 миң адамды түзгөн же Конвенцияга кол койгон учурдан тарта алардын саны 39 миң адамга көбөйгөн.

Конвенциянын ченемдерин ишке ашыруу үчүн алгачкы 10 жылга 6 млрд 647 млн сом керектелет, анын ичинен иш-чараларга – 1 млрд 575 млн сом билим берүүгө, саламаттыкты сактоого, маданий жашоого катышууга, эс алууга, спорт менен машыгууга, инфраструктураны жакшыртууга – 5 млрд 72 млн сом керектелет.

Пикир

Оставить комментарий