• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Макгрегор зордуктоого шектелүүдө

Спорт 0

Бишкек, 27.03.19. /Кабар/. Эки күн мурун (ММА) аралаш мушташ өнөрүндө өзүнүн карьерасын аяктагандыгы тууралуу жарыялаган белгилүү ирландиялык мушкер Конор Макгрегор зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу ТАСС бир катар чет элдик басылмаларга шилтеме берип жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын декабрь айында ысымы аталбаган бир айым мушкер зордуктады деп арыз жазган. Ирландиялык полиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Укук коргоо органдары үстүбүздөгү жылдын январь айында Макгрегорду кармап, андан сурак алып, анан кое беришкен.

Жабырлануучунун маалыматы боюнча, бул жагымсыз окуя 2018-жылдын декабрь айында Ирландиянын Дублин шаарында жайгашкан Beacon мейманканасында болгон.

Белгилүү болгондой, мушкер ар дайым ошол мейманканага келип жүрчү. Акыркы ирет Beacon мейманканасына декабрда келген.

Азырынча Макгрегордун күнөөсү далилдене элек, бирок иликтөө иштери уланууда.

Эске салсак, Макгрегор UFC'нин эки салмагында чемпион болгон.

Макгрегор аралаш мушташ өнөрү боюнча карьерасында 25 беттеш өткөрүп, алардын ичинен 21 жеңишке жетип, 4 жолу жеңилип калган.

UFC'деги акыркы беттешин ал 2018-жылы октябрь айында өткөрүп, россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовго утулуп калган.

Пикир

Оставить комментарий