• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мамэкотехинспекция: Аксы районунун Ак-Терек каналындагы тоннелде калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Терек каналындагы тоннелде калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришти.

"Кыргызгидроспецстрой" (буйрутманы аткаруучу) ачык акционердик коому тарабынан Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кашка-Суу айыл аймагындагы Ак-Терек каналынын узундугу 2 миң 44 метр тоннелинде курулуш-монтаждоо жумуштары жүргүзүлгөн. 2020-жылдын 17-майында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондору боюнча аймактар аралык башкармалыгынын жетекчилиги аткарылган ишти жерине барып көргөндө, жер кыртышы жер алдындагы суунун көбөйгөндүгүнө байланыштуу чөгүп кеткендигин аныкташкан. Долбоор боюнча жер астындагы суу 5 л/с деп көрсөтүлгөндүгү менен иш жүзүндө жер алдынан чыккан суунун көлөмү ташкындап 100 л/с суу көтөрүлгөн. Мамэкотехинспекциянын инспекторлору иш жүрүп жаткан объектидеги буйрутмачы жана долбоордун авторлоруна чөккөн жер кыртышын толтуруу боюнча көрсөтмө (тапшырма) беришкен", - деп айтылат маалыматта.

Мамэкотехинспекциядан билдиришкендей, азыркы тапта суу чыккан обьектидеги ишти калыбына келтирүү үчүн, долбоордун аткаруучулары иш жүргүзүүдө. Мамэкотехинспекциянын Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондору боюнча аймактар аралык башкармалыгы тоннелдеги калыбына келтирүү иштерин көзөмөлгө алышкан.

Пикир

Оставить комментарий