• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркация боюнча комиссияга макам берүү сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 19.09.19. /Кабар/. Мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркация боюнча комиссияга макам берүү сунушталууда. Бул тууралуу парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев билдирди.

Ал билдиргендей, чек ара боюнча комитет же агенттиктин статусун берүү демилгеси айтылды.

"Делимитация жана демаркация кылуу керек деп айтуу оңой. Бирок, тараптар бир пикирге келбесе маселе чечилбейт. Бул катардагы эмес, олуттуу маселе. Биз жүйөлөрдү туура келтирүүбүз керек", -деди ал.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеште депутаттар кыргыз-тажик чек арасында болгон окуя боюнча өкмөттүн маалыматын угууда. Отурум жабык эшик артында өтүүдө.

Белгилей кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атылган. Жыйынтыгында кыргыз тараптан 13 адам жаракат алып (7 аскер, 6 тургун), 1 аскер кызматкери көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий