• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бир аптада экспорттоого арналган 9 миң 892 тонна айыл чарба продукциясы текшерилди

Коом 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдүн химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаменти экспорттоого арналган айыл чарба өндүрүмүнө карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүздү. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 1-апрелинен 8-апрелине чейин республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоого арналган 9 миң 892 тонна ата мекендик айыл чарба продукциясы текшерилди.

“Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар ичине чейин текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардын үлгүлөрү алынды, ТЭИ катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуунун шарттарынын жана сактоо эрежелеринин аткарылышы менен таанышты”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий