• 88.68
  • 95
  • 0.95

ФИФАнын колдоосуна ишенсеңиз болот! Инфантино КФС президентине кат жолдоду

Коом 0

Бишкек, 26.05.23./Кабар/. ФИФАнын президенти Джанни Инфантино Кыргызстанга иш сапарын уюштурганы үчүн Кыргыз футбол союзунун президенти Медербек Сыдыковго ыраазычылык кат жолдоду.

КФСнын басма сөз кызматы билдиргендей, Инфантино жылуу кабыл алгандыгы жана өзгөчө меймандостук үчүн ыраазычылык билдирген.

"Кыргыз Республикасында өткөн сапар учурунда өзгөчө меймандостук көрсөткөнүңүз үчүн сизге жана сиздин командаңызга ФИФА делегациясы жана өзүмдүн атыман ыраазычылык билдиргим келет.

Визит учурунда биз көптөгөн маанилүү жолугушууларга жана иш – чараларга катыштык: КР президенти Садыр Жапаров менен аудиенция, КФСтин жаңы административдик имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи, ошондой эле "КР президентинин командасы" менен "ФИФА" командасынын ортосундагы футбол беттеши жана сиз менен эки тараптуу жолугушуу - албетте, биздин визиттин эң көрүнүктүү көз ирмемдеринин бири болду.

Биз футбол боюнча идеяларыбыз жана көз караштарыбыз менен алмаша алдык. Андан сырткары, бул сапар өлкөңүздөгү футбол инфраструктурасын жакшыртууга жана спортту өнүктүрүүгө, өзгөчө жаштар жана аялдар футболуна колдоо көрсөтүүгө ФИФАнын даяр экенин билдирүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Сапар Кыргызстанда футболду өнүктүрүү үчүн кызматташтыкты өркүндөтүүгө болгон чечкиндүүлүгүбүздү бекемдеди деп ишендире алам. Аталган маселеде сиз ар дайым ФИФАнын колдоосуна ишенсеңиз болот. Сизге КРда футболду өнүктүрүүгө жана анын баалуулуктарын жайылтууга кошкон зор салымыңыз үчүн ыраазычылык билдирем, ошондой эле урматтуу президент жакында кайрадан жолугушуубузду чыдамсыздык менен күтөм", - деп айтылат Инфантинонун ыраазычылык катында.

Эске салсак, ФИФА президенти Джанни Инфантино башында турган делегация 4-5-май күндөрү Кыргызстанга келип кеткен.

Пикир

Оставить комментарий