• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте дин иштери боюнча координациялык кеңеш өттү

Коом 0

Бишкек, 31.01.24./Кабар/. Бишкектин Биринчи май районунда дин иштери боюнча координациялык кеңешменин отуруму өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, кеңешмеге район башчысынын орун басары Айнура Арстамбекова, МАБдын башчылары, укук коргоо органдарынын, райондук прокуратуранын, Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жана диний мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө диний уюмдардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу, диний негизде пайда болгон чыр-чатактардын алдын алууга багытталган агартуу жана профилактикалык иштерди жүргүзүү, ошондой эле мекемелер тарабынан санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталышы маселелери талкууланды.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча протокол түзүлүп, кызматтарга тиешелүү тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, Биринчи май районунун аймагында 16 мечит, 22 намазкана жана 2 медресе жана 18 бөлөк христиан жана католик объектилери жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий