• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кара-Сууда ири суммадагы алдамчылыкка шектүү катары УКТ мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.01.24. /Кабар/. Кара-Сууда ири суммадагы акча алдамчылыгына шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Шарк айыл аймагынын тургуну 1963-жылы туулган Н.И. арыз менен кайрылган. Анда 2023-жылы 24-декабрда өзүн "Султан" деп тааныштырган адам "Корея өлкөсүнөн алып келинген унаалардын иш кагаздарын бүтүрүп беремин" деген шылтоо менен 9 миң долларын алып, изин жашырып кеткенин айтып, тиешелүү чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Бул факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө-амалдары башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары мурда бири нече жолу сот жообуна тартылган, УКТ мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 1990-жылы туулган И.И. кармалып, камакка алынды.

Учурда анын башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Уюшкан кылмыштулукка каршы күрөшүү уланууда.

Пикир

Оставить комментарий