• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мамветинспекциянын мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзгөн кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.04.21. /Кабар/. Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Бишкек шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясында текшерүү жүргүзүлдү.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, прокурордук текшерүүдө ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылбастан мыйзамсыз текшерүүлөр жүргүзүлгөндүгү аныкталган. Алардын жыйынтыгы менен ишкерлерге айыптар салынган.

Мыйзамга ылайык тиешелүү мамлекеттик орган менен макулдашылбаган текшерүүлөр одоно мыйзам бузуу болуп саналат жана алардын жыйынтыктары жараксыз деп таанылат.

“Белгиленген мыйзам бузууларды эске алуу менен, прокуратура тарабынан аталган инспекциянын кызмат адамдарынын кыймыл аракеттерине укуктук баа берүү үчүн топтолгон материалдар КР Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Пикир

Оставить комментарий