• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Марипов: Калкты азык-түлүктүн негизги түрү менен тийиштүү көлөмдө камсыздоо керек

Өкмөт 0

Бишкек, 17.02.21. /Кабар/. Бардык тийиштүү ведомстволордун милдети азык-түлүктүн негизги түрлөрү менен тийиштүү көлөмдө жана жеткиликтүү баада камсыздоо болуп саналат. Бул туурасында премьер-министр Улукбек Марипов азык-түлүк коопсуздугун талкуулоо боюнча кеңешмеде билдирди, - деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

«Бүгүнкү күндө активдүү талкууланып жаткан темалардын бири – бул азык-түлүктүн негизги түрүнө карата баалардын өсүүсү болууда. Буга байланыштуу көптөгөн жарандар тигил, же бул азык-түлүктөрдү алуудан баш тартууга аргасыз болууда. Бул маселе Өкмөттүн деңгээлинде бир нече ирет талкууланып, кандайдыр-бир чечимдер кабыл алынган. Бирок абал татаал бойдон калууда, күн сайын этке, өсүмдүк майына, жумурткага жана башка товарларга карата баалар өсүүдө. COVID-19 пандемиясы өз таасирин тийгизип жаткандыгы түшүнүктүү, бирок актануудан ишке өтүү керек. Комплекстүү чечимдерди, превентивдүү чараларды, кабыл алып, баалардын өсүшүнө ыйчам жана натыйжалуу жооп кайтаруу зарыл», - деди Улукбек Марипов.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы 4 айда өсүмдүк майы 33 сомго жогорулаган жана бүгүнкү күндө чекене баа боюнча майдын 1 литри 134 сом турат. Бир кг эттин баасы орточо алганда 435 сомго дейре жогорулап, бул 2020-жылдын октябрь айына салыштырмалуу 124 сомго жогору дегенди билдирет.

Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин ишин сынга алды.

«Ведомствонун аталышы айтып тургандай, сиздер социалдык маанилүү товарларга карата бааларды кармоо маселесинде олуттуу ролду аткарышыңыздар керек. Иш жүзүндө сиздер мониторинг жана фактыларды тизмектөө менен гана чектелип жатасыздар. Агенттиктин жетекчилиги рыноктогу жана дүкөндөгү реалдуу абал кандай экендигин билбейт. Ыңгайлуу орундукта отуруп, буйрук бергенге гана көнүшкөн. Бул тажрыйбаны токтотуу керек. Мен өзүм кээде базарларга барып, тамак-аш азыктарына карата бааларга көз салып турам жана жарандардын нааразычылыгын жакшы түшүнөм», - деп белгиледи өкмөт башчы.

Премьер-министр биринчи кезектеги муктаждыкты жараткан, өзүбүз өндүргөн продуктулар менен камсыздоо иретинде айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрүн себүү үчүн айдоо аянттарын кеңейтүү зарылдыгын белгиледи.

«Мисалга, өткөн жылы кант кызылчасын себүү аянты дээрлик 6 миң га кыскарган. Натыйжада, кант өндүрүү көлөмү да кыскарган. Мындан тышкары, биз күнкарама жана жүгөрүнү өстүрүүнү унутта калтырдык. Аталган өсүмдүктөрдү өстүрүү менен катар биз азыр импорттоп жаткан өсүмдүк майын өндүрүү көлөмүн жогорулата алабыз. Буга байланыштуу ага карата баалар да өсүүдө. Ошондой эле экстенсивдик багбанчылыкка өтүү зарыл. Багбанчылыктагы жаңы технологияларды ишке киргизүү менен катар биз түшүмдүүлүктү бир топ жогорулата алабыз», - деп белгиледи Улукбек Марипов.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча премьер-министр мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди:

- Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги биринчи муктаждыктагы продуктуларга карата бааны жөнгө салуу үчүн ири жеткирүүчүлөр жана өндүрүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүүсү;

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жана Өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү социалдык маанилүү товарлардын баасына күнүмдүк талдоо жана мониторингди жүргүзүүсү;

- Бишкек жана Ош шаарларынын жана республиканын башка ири шаарларынын мэриялары Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте тамак-аш азыктарына карата фиксацияланган баалар коюлган ар жумалык айыл чарба жарманкесин өткөрүү боюнча тутумдуу ишти уюштуруусу.

Пикир

Оставить комментарий