• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Марипов: Кыргызстан Казакстандан электр энергиясын 5 сомдон эмес, 2,14 сомдон импорттойт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.02.21. /Кабар/. Кыргызстан Казакстандан электр энергиясын 5 сомдон эмес, 2,14 сомдон импорттойт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министрлик кызматына талапкер Улукбек Марипов билдирди.

Депутат Рыскелди Момбеков Кыргызстан Казакстандан электр энергиясын 5 сомдон импорттой тургандыгын маалымдады. Бирок Улукбек Марипов бул маалыматты төгүндөдү.

Ал ортодо эл өкүлү Момбеков вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Равшан Сабиров Кыргызстан электр энергиясын 5 сомдон импорттойт деп айткандыгын билдирди.

Марипов бул маселени тактай тургандыгын айтты.

Пикир

Оставить комментарий