• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Марипов: Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соода жүргүзүү көлөмү 5 айда 34,7%га жогорулады

Өкмөт 0

Бишкек, 20.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кеңири форматтагы кезектеги жыйынына катышты.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы Мариповдун кеңешмеде сүйлөгөн сөзүнүн текстин келтирет:

«Урматтуу кесиптештер,

Кымбаттуу достор,

Урматтуу кеңешме катышуучулары,

Дагы бир ирет өкмөттөр аралык кеңешинин жалпы мүчөлөрүнө, ошондой эле байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрүнө жана чакырылган конокторубузга кош келиңиздер.

Үстүбүздөгү жылы, белгилүү болгондой, Биримдикке мүчө мамлекеттердин Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы белгиленмекчи, буга байланыштуу жалпыңыздарды чын ниеттен куттуктап кетүүгө уруксаат этиңиздер.

Мунун өзү жолугушуубузга өзгөчө маани берип, символикалуу болуп турат.

Биздин өлкөлөр эгемендүүлүккө ээ болгону тарыхый жактан калыптанып калган соода-экономикалык байланыштарды тутумдаштыруу жана институционалдаштыруу зарылдыгын терең түшүнуп келген.

Интеграциялашуунун ар кыл баскычтарын жана формаларын басып өтүү менен биз евразиялык интеграциянын калыптануусуна багыт берген Евразиялык экономикалык коомчулукту уюштурууга келдик.

Мындай интеграциялашуу идеясы биздин өлкөлөрдүн жана элдерибиздин бакубат өнүгүүсүнө ишенимдүү жол катары өзүнүн келечектүүлүгүн далилдей алды.

Эки жыл мурда ушул эле учурда Ысык-Көл жээгинде биз интеграциялашуунун 5 жылдык юбилейин жана биргелешкен аракет аркылуу жетишилген ийгилктерибизди белгилеген элек.

Ал учурдан тарта биз дүйнөдө орун алып жаткан коронавирус инфекциясына байланыштуу өнүгүүнүн жөнөкөй эмес жолун басып өттүк.

Ага карабастан, бул сыноо Бирликтин мүмкүнчүлүктөрүн алсыратпастан, тескерисинче, бекемдеди, муну дагы бир жетишкендик катары кабылдасак болот.

Буга далил катары ички сооданын өнүгүү темпин келтирсек болот.

Мисалга, Кыргызстандын Биримдик өнөктөштөрү менен өз ара соода жүргүзүү көлөмү үстүбүздөгү жылдын 5 айы ичинде өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34,7 пайызга жогорулаган, бул бизге ишеним тартуулайт.

Урматтуу кесиптештер,

Бүгүнкү күн тартибибиз көптөгөн маселелерди камтыйт, анын катарында кызматташтыгыбыздын пайдубалын бекемдөогө мүмкүндүк берүүчү интеграцияны мындан ары карай тереңдетүүгө багытталган маселелер бар.

Кууш чөйрөдөгү форматта биз кеңешменин күн тартиби боюнча конструктивдүү диалог жүргүздүк жана товарларды ташып чыгуудагы тарифтерди жакындаштырууга, өз-ара жана тышкы сооданы камсыздандыруу чараларына, Шайкештикти баалоо жаатында аккредитациялоо боюнча Евразиялык (аймактык) уюмду түзүүгө, ошондой эле глобалдык климаттык күн тартипти ишке ашыруу жаатындагы маселелерди талкууладык.

Жөнгө салууну күчөтүүнүн глобалдык тенденциясын, атап айтканда өлкөлөрдүн тышкы соода жүргүзүү саясатын камтыган климаттык күн тартипке өзгөчө басым жасагым келет.

Климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөш жүргүзүү боюнча чаралар адилетсиз атаандаштыктын куралы болуп калбастан, өндүрүштүк байланыштардын ажырымына алып келбестен, тескерисинче, жаңыларын түзүүсү маанилүү.

Ушул жөнөкөй эмес шартта интеграциялык кызматташтыктын жаңы багыттарын өнүктүрүүгө карай негизги багытты өзгөртүү зарылчылыгы келип чыгууда.

Евразия мейкиндигиндеги эң ири интеграциялык бирикме катары биздин Биримдик мүчө мамлекеттердин туруктуу экономикалык өнүгүүсүн камсыздоону жана БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарын көздөйт.

Бүгүнкү күндө жашыл экономика бул өнүгүүнүн ажырагыс бөлүгү катары саналат, ал бир эле учурда экономикалык жана экологиялык максаттарды алдыга жылдыруу мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга багытталган.

Бул – инклюзивдүү ыкмаларды колдонуучу, ресурстарды үнөмдөөчү, көмүртеги төмөн саналган жана диверсификацияланган экономика.

Жалпысынан климаттык күн тартиби жана жашыл экономика маселелери дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүнүн экономикалык ишмердүүлүгүнүн ажырагыс бөлүгү болуп калгандыгын эске алуу менен келерки жылдын жайында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында климаттык өзгөрүүлөргө жана жашыл экономика маселелерине арналган Евразия экологиялык жана климаттык форумун Ысык-Көл жээгинде өткөрүүнү сунуштайм.

Урматтуу кеңешме катышуучулары,

Кабыл алынып жаткан чараларга карабастан, биз дагы да жалпы экономикалык мейкиндикте товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчүнүн эркин жүрүүсүнө карай тоскоолдуктарга туш болуудабыз.

Биздин мамлекет башчыларыбыз ички рыноктогу тоскоолдуктарды жоюудагы Евразиялык экономикалык комиссиянын ролун күчтөндүрүү зарылдыгын бир нече ирет белгилеген.

Буга байланыштуу Комиссиянын көңүлүн анын функционалдык ролунун өзгөрүшүнө карай бургум келет. Акыркы мезгилдеги тоскоолдуктарды аныктоодо жана аны четтетүүдө Комиссиянын ролунун төмөндөө тенденциясынын байкалышы евразиялык интеграциянын пайдасына чечилген жок.

Аталган шартта ЕАЭБ мейкиндигинде товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана эмгек ресурстарынын эркин кыймылын ишке ашыруу боюнча Биримдиктин максаттарына жетүүгө карай ишенимимди билдирем.

Урматтуу кесиптештер,

Жыйынтыгында бүгүнкү жолугушуу өз ара түшүнүшүү, ишеним жана конструктивдүү пикир алышуу иретинде салттуу маанайда өтүп жаткандыгын белгилеп кетким келет».

Пикир

Оставить комментарий