• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Улукбек Марипов Тоң районунун Оттук айылынын тургундары менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 07.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 7-августта Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Тоң районунун Оттук айылына барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Бул жерде селдин кесепетинен 320 турак үйдүн короолорун , 64 турак үйдү суу каптаган, 3 үй авариялык абалда.

Министрлер кабинетинин башчысы турак үйлөрдүн абалын карап чыгып, бардык калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Ал жарандарды өзгөчө кырдаалдарга карата үйлөрүн камсыздандырууга чакырды.

Улукбек Марипов ошондой эле Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылындагы «Кредо-Бак» кооперативинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ишкана мөмө-жемиш ширелерин жана пюрелерди чыгарат. Жашылча-жемиштерди сактоочу муздаткыч жабдуулар бар. Мындан тышкары, уюм нан азыктарын чыгарат.

Пикир

Оставить комментарий