• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Куткаруучулар Ала-Арча жаратылыш паркында чет өлкөлүк туристке жардам көрсөтүштү

Кырсык 0

Бишкек, 07.08.21. /Кабар/. Куткаруучулар Ала-Арча жаратылыш паркында чет өлкөлүк туристке жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чехиядан эс алууга келген 1986-жылы туулган Я.К. аттуу турист аял Ала-Арча жаратылыш паркында саякаттап жүрүп бутун кокустатып алып, жардам сурап кайрылган.

Жерине ӨКМден 4 куткаруучу тартылып жабыркаган жаранды тоодон түшүрүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий