• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Марипов Моргун айылында убактылуу жайгашкан жарандардан кабар алды

Өкмөт 0

Бишкек, 03.05.21. /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов чек ара чатагынан улам Лейлек районунун Моргун айылында убактылуу жайгашкан Баткен облусунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Сиздердин айкөлдүгүңүздөргө чоң ыраазычылык билдирем. Кыйынчылыктарга карабастан Моргун айылындагы ар бир үй-бүлө коңшу айылдардын жашоочуларын кабыл алды. Бул жакшылыгыңыздардар эч качан унутулбайт. Сиздер мамлекетке гана колдоо көрсөпөстөн, соопчулук иш да кылып жатасыздар. Бул жакшылыгыңыздар сиздерге жүз эселеп кайтсын»,- деди Улукбек Марипов.

Баткен облусундагы окуялардын учурунда Моргун айылына коңшу айылдардын 10 миң тургуну келген, алар мында убактылуу баш калкалоого жай тапкан.

Жолугушуунун жүрүшүндө премьер-министр жана жергиликтүү тургундар бир катар көйгөйлүү маселелерди талкуулады.

Өкмөт башчы Улукбек Марипов билдиргендей, калктуу пунктта жакын арада социалдык объектилердин курулушу башталат, биринчи кезекте 225 окуучуга эсептелген мектеп салынмакчы.

Пикир

Оставить комментарий