• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19. "Спутник V" вакцинасын алгандардын дээрлик 90%ы өзүн жакшы сезүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 03.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда 23-апрелден тарта россиялык "Спутник V" вакцинасын саюу башталган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Вакцина алгандардын ичинен:

87,42%ы өзүн жакшы сезип жатат;

0,29%ынын башы ооруп жатат;

1,71%ынын дене табы көтөрүлүүдө;

4,57%ынын ийне сайылган жери ооруп жатат;

2,57%ы алы кетүүдө;

0,57%ынын башы айланууда;

0,29%ынын кан басымы көтөрүлүүдө;

0,29%ынын оң кабыргасынын асты ооруксунган.

Белгилей кетсек, бардык белгилер алгачкы 1-2 күндө байкалган.

Пикир

Оставить комментарий