• 88.68
  • 95
  • 0.95

COVID-19. Кытайлык вакцинаны алгандар өздөрүн кандай сезип жатышат? Министрликтин жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 03.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда 29-марттан тарта SinoPharm вакцинасы менен эмдөө башталган. Вакцина алгандар өзүн канааттандырарлык сезип жатышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Департаменттин маалыматы боюнча, SinoPharm вакцинасынын экинчи дозасы менен эмделген адамдардын ичинен:

- өзүн жакшы сезүү - 90,0%;

- баш оору - 2,35%;

- сайылган жердин оорушу - 1,76%;

- алсыздык - 1,18%;

- үшүү - 0,59%;

- тактын пайда болушу - 2,35%;

- кан басымынын жогорулашы - 0,29%;

- оң кабыргасынын асты ооруксунган - 1,76%.

Белгилей кетсек, бардык белгилер алгачкы 1-2 күндө байкалган.

Пикир

Оставить комментарий