• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коргоо министрлигинде аскер кызматкерлеринин 76 пайызы эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата Коргоо министрлигинде аскер кызматкерлеринин 76 пайызы коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Коргоо министринин орун басары Акылбек Ибраев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, вакцина алгандардын ичинен 41 пайызы эмдөөнүн экинчи дозасын алып бүтүштү.

“Жаматтык иммунитетке жетишүү жана COVID-19ду алдын алуу максатында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн кызматкерлеринин арасында оорунун мүмкүн болгон олуттуу кесепеттерин алдын алуу жана жоюу боюнча Коргоо министри тарабынан өз каалоосу менен эмдөө жөнүндө буйрук чыгарылган. Аталган буйрукка ылайык, түшүндүрмө иш-чаралары жүргүзүлүп, андан кийин аскер кызматкерлеринин басымдуу бөлүгү вакцина алууну тандашкан”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий