• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы суткада 34 адамдан COVID-19 табылып, эки бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 06.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда 6-декабрга карата коронавирус дагы 34 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 26, Ош шаарында – 1, Ысык-Көл облусунда – 5, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 49 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 373 бейтап, амбулатордук түрдө 382 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 649 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 651 киши айыгып чыкса, 2 миң 760 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий