• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абаддын Орто-Азия айылында 90 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 06.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Орто-Азия айылында 90 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду 90 орундуу бала бакчанын курулушуна каржылык колдоо көрсөткөн. Көп жылдан бери аягына чыкпай келген бакча имараты быйыл бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

“Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Орто-Азия айылындагы “Айшоола” бала бакчасын айыл өкмөтү 2015-жылы ишкерлердин салымы, жергиликтүү бюджеттин жана элдин күчү менен курулушун баштаган. Кийин каржылык жетишсиздиктен улам курулуш бүтпөй турган. Айыл өкмөтү Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондуна бала бакчаны аягына чыгаруу боюнча долбоор аркылуу кайрылган. Фонд тарабынан ал колдоого алынып, 3 млн сомго жакын акча бөлүнүп берилген. Жалпысынан бакчаны бүткөрүүгө 10 млн 900 миң сом акча жумшалган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, заманбап мектепке чейинки билим берүү мекемесинде учурда 60 бала тарбияланууда.

Пикир

Оставить комментарий