• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19. Жаңы алгоритм. Чет өлкөдөн учуп келген жарандарда ПЦР- изилдөөнүн жыйынтыгы болушу шарт

COVID - 19 0

Бишкек, 21.01.21 /Кабар/. Кыргыз жарандары, чек өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын өтүү боюнча жаңы алгоритм иштелип чыгып, бекитилди. Бул тууралуу бүгүн өкмөттө өткөн маалымат жыйында “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын Бишкек филиалынын директорунун милдетин аткаруучу Бакытбек Бекбача уулу билдирди.

Анын айтымында, алгоритмге ылайык, чет мамлекеттерден учууга катталууда жарандарда SАRS-CoV-2 жоктугун тастыктаган ПЦР- изилдөөнүн жыйынтыгы болушу шарт.

Бакытбек Бекбача уулу баса белгилегендей, бортко коронавирустук инфекциянын клиникалык белгилери жок жана изилдөө алынган убактан тартып акыркы 72 саатта SARS-CoV-2 аныктоо үчүн жасалган ПЦР - тестинин терс жыйынтыгын тастыктаган маалымкаты бар адамдарга гана кирүүгө уруксат берилет.

“Ошондой эле бортто авиакомпаниялардын кызматкерлери жүргүнчүлөргө "Кыргыз Республикасына келүү үчүн анкетаны" толтуруу үчүн таратышат”, - деди ал.

Аэропорт өкүлү кошумчалагандай, Кыргыз Республикасынын кире беришинде (аэровокзалда) жүргүнчүлөр СКП кызматкерлерине ПЦР изилдөө натыйжалары жөнүндө күбөлүк жана толтурулган "Кыргыз Республикасына келүү үчүн анкетаны" андан ары талдоо үчүн тапшырышат.

“КР эл аралык аэропорттору аркылуу Мамлекеттик чек аралардан өткөрүү пункттарынан өтүп жатканда жана учактын бортунда, жүргүнчүлөр беткап, антисептиктерди колдонушу керек. Аэропорттун кызматкерлери, КР ССМ СКП жана Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматерлери жүргүнчүлөр тарабынан социалдык дистанция жана беткап режиминин так сактагалышын көзөмөлдөйт”, - дейт Бакытбек Бекбача уулу .

Ошондой эле аэропорт өкүлү баса белгилегендей, учуу жана кечигип учуу менен байланышкан себептерден улам ПЦР-изилдөөсүнүн жарактуулук мөөнөтү (72 саат) аяктаган учурда, жүргүнчүлөр келген жери боюнча ПЦР тестинен өтүшү керек.

Белгилей кетсек, COVID-19 вирусун өлкөгө киргизбөө жана анын жайылышын алдын алуу максатында КР Саламаттык сактоо, Тышкы иштер, Транспорт жана жолдор, Маданият, маалымат жана туризм министрликтеринин, “Манас” эл аралык аэрпорту” ААКынын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын 2021-жылдын 13-январында бекитилген биргелешкен буйругуна ылайык, Эл аралык аба каттамдарын жүзөгө ашыруу учурунда "Манас", "Ош", "Ысык-Көл" эл аралык аэропортторунда КР Мамлекеттик чек арасынан өтүү алгоритми 2021-жылдын 23-январында күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий