• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда вакцинанын 4,8 млн дозасы бар – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 25.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын 4 млн 800 миң 700 дозасы бар. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдын февралында калкты эмдөө боюнча улуттук план иштелип чыккан.

Нет описания.

"Ошол эле жылдын августунда ал план жаңыртылган. Азыр эмдөөнүн улуттук планынын үчүнчүсү даярдалып жатат. 2021-жылы вакцинанын 6 млн 168 миң дозасы алынган. Бүгүнкү күндө алардын 2 млн дозасы колдонулуп, 4 млн 800 миң 700 дозасы калды", - дейт ал.

Акматова белгилегендей, 1 млн 697 миң долларга вакцинаны сактоочу сегиз муздаткыч алынганын айтып, алар өлкө аймагындагы саламаттык сактоо уюмдарына жиберилген кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий