• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда COVID-19 жуктургандардын саны азаюуда

COVID - 19 0

Бишкек, 03.10.22. /Кабар/. Кыргызстанда 26-сентябрдан 2-октябрга чейин COVID-19дун 77 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык -эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, 3-октябрга карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар ​​жашыл зонада.

Акыркы жумадагы натыйжалуу репродуктивдик сан 1ден аз, бул оорунун азаюусун билдирет.

2022-жылдын 9 ай жана 1 күнүндө COVID-19дун 21 миң 412 учуру катталды, анын ичинен 19 миң 405 (90,6%) учур лабораториялык түрдө жана 2007 (9,4%) клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган.

Пикир

Оставить комментарий