• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сутка ичинде 15 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 09.10.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 15 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында бир, Баткен облусунда 5, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 3 медик илдетке кабылды.

"Ал эми бир суткада үй карантининен 3 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3379 учур катталды, алардын ичинен 3075 медкызматкер айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 9-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 275 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 48 миң 617ни түзөт. Алардын ичинен 44 миң 97 киши айыгып чыкты, 1 миң 77 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий