• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эмдөө аркылуу кайсы оорулар жок болгон? Санэпидкөзөмөл борборунун жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун иммунопрофилактика бөлүмүнүн башчысы Бурул Асыкбекова брифинг учурунда эмдөө аркылуу кайсы оорулар жок болгону тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, вакцина аркылуу төрт оору жок болгон: Чечек оорусу Чечек оорусунун акыркы очогу 1977-жылдын октябрь айында катталып, 1979-жылдын декабрында окумуштуулар чечек толугу менен жок кылынган деген жыйынтыкка келишкен.

Шал оорусу Полиомиелит (шал оору) - вирус адамдан адамга жугуп, шал оорусуна алып келет (адам - дененин бөлүктөрүн кыймылдата албаганда). Көбүнчө 5 жашка чейинки балдар кабылышат. Полиомиелитке каршы атайын дарылоо жок, аны алдын алууга гана болот. 1952-жылы америкалык дарыгер Жонас Салк полиомиелитке каршы вакцина жасап, анын жардамы менен АКШда жана Европа мамлекеттеринде оору кескин түрдө төмөндөгөн.

Ал эми Кыргызстанда полиомиелит 1993-жылдан бери каттала элек, 2002-жылдан бери полиомиелит өлкөдө жок деген статусту сактап келүүдө. Кептөөр оорусу Дифтерия (кептөөр) - курч антропоноздуу инфекциялык оору. Негизинен кекиртектин жана дем алуу жолдорунун оозунун бузулушу менен мүнөздөлөт.

Акыркы 20 жыл аралыгында бул оору Кыргызстанда катталган эмес. Анын себеби 1994-1995-жылдарда массалык эмдөө күндөрү жүргүзүлүп, эл арасында иммунитет пайда болгон. Кызылча оорусу Кызылча - вирустун айынан пайда болгон курч инфекциялык оору. 21-кылымда кызамыкка жаңы чалдыккандардын 80%дан ашыгын чоңдор түзөт. 2001, 2002, 2015-жылдары массалык эмдөө күндөрү жүргүзүлүп, оорунун катталгандыгы кескин түрдө азайды.

“Азыркы күндө аталган ооруларга каршы балдарды эмдөө улуттук календарга ылайык жүргүзүлүүдө”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий