• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өлкөдө ПЧР тестти жетиштүү санда - Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 20.06.20. /Кабар/. Коронавирус инфекциясын аныктай турган ПЧР тестти өлкөдө жетиштүү санда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө респблика боюнча 108 миң 762 ПЧР тестти бар.

"ЮСАИД жана СПИД, кургак учук, безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонд тарабынан 6,5 миң тест системалары келип түштү. Алар бизде кургак учук жана ВИЧ-инфекциясын диагноздоо үчүн колдонулат. Биз бул сыноолорду коронавирусту аныктоо үчүн да колдонобуз", - дейт ал.

Министрдин орун басары белгилегендей, өлкөнү ПЧР тесттери менен камсыз кылуу маселеси көзөмөлдө.

Пикир

Оставить комментарий