• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус илдетинин жаңы учуру катталган жок

COVID - 19 0

Бишкек, 07.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда 7-апрелге карата COVID-19дун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, акыркы 4 күндөн бери өлкө боюнча коронавирустук инфекциянын жаңы учуру катталган эмес.

Маалыматка ылайык, акыркы суткада 11 адам илдеттен сакайып чыгып, илдеттен каза болгон учур катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 89 бейтап, амбулатордук түрдө 31 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 968 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 279 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий