• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Марипов Түркиянын вице-президенти менен телефон аркылуу сүйлөшүп, өрткө байланыштуу көңүл айтты

Өкмөт 0

Бишкек, 07.08.21. /Кабар/. Бүгүн Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октай менен телефондук сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Улукбек Марипов жалпы түрк элине адам курмандыктары менен коштолгон токойдогу өрт кырсыктарына байланыштуу көңүл айтып, жабыркагандарга тез арада калыбына келүүсүн каалады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле Кыргыз-Түрк өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын 10-кеңешмесин өткөрүүнүн жаңы датасын талкуулады.

Белгилей кетсек, 6-7-августка пландаштырылган 10-кеңешме Түркия Республикасындагы токойлордогу өрт кырсыгына байланыштуу кийинкиге жылдырылган.

Пикир

Оставить комментарий