• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россия өкмөтү Ички иштер министрлигине жаңы автоунаааларды тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 29.01.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КР Ички иштер министрлигине автоунааларды тапшыруунун расмий аземине катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасы өз сөзүндө баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү укук коргоо органдарынын гана эмес, жалпы коомчулуктун милдети экенин белгиледи.

“Баңги заттардын бардык түрлөрү адамдын ден соолугуна орду толгус зыян келтирет. Алар адамдын өмүрүн жана үй-бүлөсүн алып, коомдун коопсуздугуна реалдуу коркунуч туудурат. Ал менен күрөшүүдө коомдун кайдыгер эместиги маанилүү, ар бир адам баңги заттын зыяндуулугу тууралуу маалыматты жайылтууга салым кошо алат”, – деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко баштаган Россия Федерациясынын Өкмөтүнө ыраазычылык билдирүү менен, берилген жардамдын аркасында Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин потенциалы жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү жогорулаарын кошумчалады.

Министрлер кабинетинин төрагасы республиканын акыркы жылдардагы экономикалык жактан өнүгүүсүндөгү көрсөткүчтөрүнө да токтолду.

“2023-жылы өлкөнүн ИДПсы 1 триллион 228 миллиард 900 миллион сомдон ашты, өсүү темпи 6,2%ды түздү. 2023-жылы консолидацияланган бюджет 575 миллиард сомду түздү, башкача айтканда, 2,5 жылда эки эседен ашык өстү. Биз бардык мамлекеттик органдардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин практикалык материалдык-техникалык базасын жаңылоого жетиштик. Биздин өлкө туруктуулук, бакубатчылык жана тынчтык үчүн аймактык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүнө бекем ишенет. Биз баарыбыз биргелешип элибиздин, биздин жаш муундардын жыргалчылыгы үчүн баңгизатка жана анын жайылышына каршы күрөшүшүбүз керек”, - деп жыйынтыктады министрлер кабинетинин төрагасы.

Пикир

Оставить комментарий