• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев: Мамлекеттин бардык ресурсун региондорду өнүктүрүүгө багыттообуз керек

Өкмөт 0

Бишкек, 12.04.18. /Кабар/. Биз мамлекеттин бардык ресурсун региондорду өнүктүрүүгө багыттообуз керек. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ, 11-майда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынынын жүрүшүндө билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирет.

«Өлкөнүн 70 пайыздан ашуун калкы аймактарда жашайт, мында калктуу пункттардын көп бөлүгү дотацияда турат жана өнүккөн инфраструктурага жана активдүү ишкер чөйрөгө ээ эмес. Бул абалды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылды Региондорду өнүктүрүү жылы катары жарыялады. Мамлекет башчысынын Жарлыгы мамлекеттин жана жалпы коомдун күч-аракетин аймактарды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө бириктирүүгө багытталган маанилүү документ болуп саналат», – деди Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев акыркы жылдары Өкмөт тараптан жол, ирригациялык инфраструктураны жакшыртуу, ошондой эле билим берүү жана медицина обьектилерин куруу боюнча чаралар кабыл алынып жаткандыгын баса белгиледи.

“2017-жылы эле унаа жолдорунун курулушуна бюджеттен кеминде 4 млрд сом бөлүнгөн, 76 билим берүү мекемеси, 6 медициналык объект курулган. 1000 гектардан ашуун жерге сугат суусу берилип, 100 гектар жер тамчылатып сугаруу тутумуна кошулган”, – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр өлкөдө кайрадан түзүлгөн ишканалар 5 жылдын ичинде мүлк салыгынан, жер, киреше жана сатуу салыгынан бошотуларын белгиледи.

“Бекитилген долбоорлорду ишке ашыруу маселелеринде формалдуу мамиле болбошу керек. Облустардын, шаарлардын, райондордун жетекчилеринин ишин баалоо ар бир аймактын инвестициялык жагымдуулугунун рейтингинин, жашоо шарттарынын жакшыруусунун, ошондой эле жаңы жумуш орундарынын санынын негизинде жүргүзүлөт. Биз мамлекеттин бардык ресурстарын каржылык же административдик болобу, аймактарды өнүктүрүүгө багытташыбыз керек”, – деп баса белгиледи Өкмөт башчы.

Маалымдама: 2017-жылы айылдык товар өндүрүүчүлөрдү каржылык мамлекеттик колдоонун алкагында “Айыл чарбасын каржылоо-5” долбоорунун алкагында республиканын 15,2 миң чарбалык субъекттерине 6,7 млрд. сом өлчөмүндө насыя берилген.

Кичи жана орто бизнести масштабдуу колдоого алууну ишке ашыруу үчүн «Кепилдик фонду» түзүлгөн, анда 372 млн сом суммасына 404 кепилдик бекитилген. Ошондой эле ишкерлер өнөк-банктардан жалпы көлөмү 1,369 млрд сомдук кредит алган.

Пикир

Оставить комментарий