• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров: Бишкекке автобустарды сатып алуу маселеси кыска мөөнөттө чечилиши керек

Өкмөт 0

Бишкек, 09.04.22./Кабар/. Бишкек шаарына жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды сатып алуу маселеси кыска мөөнөттө чечилиши керек. Бул туурасында КР министрлер кабинетинин кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

«Бишкек шаарына жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды сатып алуу үчүн республикалык бюджеттен тийиштүү финансы каражаттары бөлүнгөн. Бирок маселени чечүүдө эч кандай жылыш жок. Шаардыктар менен борбордун меймандары дагы эле жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук транспорттун тийиштүү көлөмү жетишсиздигине байланыштуу чоң көйгөйлөргө дуушар болууда. Бул маселени кыска мөөнөттө чечип, автобус өндүрүүчүлөр менен тиешелүү келишимдерди түзүү зарыл. Создуктурууга убакыт жок», - деп белгиледи ал.

Акылбек Жапаров маалымдагандай, КР президентинин «Жашыл мурас» демилгесинин алкагында ар кыл дарактардын көчөттөрүн отургузуу үчүн 20 гектар жер бөлүнгөн.

«Жалпыбыз, анын катарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер «Жашыл мурас» программасын ишке ашырууга активдүү катышууга ниеттенүүдөбүз. Биздин максат – жашыл аймактардын санын көбөйтүү жана борборубуздун мурдагы жашыл шаарлардын бири катары таанылган сыймыктуу атын калыбына келтирүү. Биз бул жерлерди мамлекеттик органдарга бөлүп бердик жана жакынкы келечекте ал жерге 800 миңден ашуун көчөт отургузулат», - деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин жыйынында жалпысынан 14 маселе каралды.

Тактап айтканда, 2022-жылдагы жазгы-талаа жана түшүм жыйноо иштерине зарыл болгон жайкы дизель майын сатып алууга каражат бөлүү чечими кабыл алынды.

Буга катар Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү Тартиби жана аудит боюнча комитет жөнүндө жобо бекитилди, ошондой эле 2021-жылдын 30-сентябрындагы №192 “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” КР министрлер кабинетинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жактырылды.

Акыркы чечим КР президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 546 “Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган жана 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр энергиясы үчүн төлөөдө даректүү социалдык колдоо көрсөтүүнү жана бюджеттик керектөөчүлөр тарабынан электр энергиясы үчүн төлөм системасын өркүндөтүүгө багытталган.

Белгилей кетсек, Акылбек Жапаровдун министрлер кабинетинин төрагасы катары алгачкы чечими министрлер кабинетинин Иш регламентин өзгөртүү, анын катарында ченемдик-укуктук актылар менен иш алып барууну өзгөртүү болгон.

Азыркы учурда министрлер кабинетинин бардык чечимдери ыкчам тартипте каралып, министрлер кабинетинин талкуусуна коюлат. Мамлекеттик органдардан келип түшкөн сын-пикирлер да ыкчам каралып, министрлер кабинетинин жума сайын өткөрүлүүчү жыйналыштарында көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий