• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрөбаев энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү маселелери боюнча жыйын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 26.04.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жана чакан ГЭСтерди куруу маселелери боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө президенттин “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө” Жарлыгынын аткарылышы каралды.

Бакыт Төрөбаев өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоого, электр энергиясынын тартыштыгын жоюуга, ошондой эле энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга багытталган Жарлыкты ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

“Бизге өлкөбүздө электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү милдети коюлган. Жарлыкты ишке ашыруунун алкагында энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча жумушчу топ түзүлүп, ал туруктуу негизде иш алып барат. Анын курамына тиешелүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик органдарынын, ошондой эле ассоциациялардын жана бирикмелердин өкүлдөрү кирди. Жакын арада биздин өлкөдө энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүнү сапаттык жактан тездетүүгө мүмкүндүк берүүчү, чакан ГЭСтерди куруу боюнча инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүчү зарыл ченемдик укуктук актылар иштелип чыгат”, - деди ал.

Жакын арада ведомстволор аралык жумушчу комиссия республиканын аймактарына чыгып, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууга жарактуу жерлердин санын жана өлчөмүн (ар бир айыл аймактын шартында) тактоо жана аныктоо иштерин баштайт.

Жыйындын соңунда бир катар тапшырмалар берилди. Тактап айтканда, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө чакан ГЭСтерди куруу үчүн келечектүү жер тилкелери боюнча алдын ала маалымат даярдоо, ошондой эле аймактардагы жумушчу комиссияга ар тараптуу көмөк көрсөтүү тапшырмасы берилди.

Экономика жана коммерция министрлигине тиешелүү түзүмдөр менен биргеликте энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн жер тилкелерин берүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин ("бирдиктүү терезе" механизми) аныктоочу жобонун долбоорун тез арада киргизүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий