• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кытайдын Соода-өнөр жай палатасы Кыргызстан менен практикалык тыгыз кызматташууга даяр

Өкмөт 0

Бишкек, 08.09.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Экономиканын жеке секторундагы эл аралык кызматташтык боюнча Кытай Соода-өнөр жай палатасынын төрагасынын орун басары Люй Янь жетектеген Кытай Эл Республикасынын делегациясын кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык мамилелерди тереңдетүү жана тездетүү, чек ара соодасын өнүктүрүү, электрондук коммерция, логистикалык борборлорду жана индустриалдык парктарды куруу маселелерин талкуулашты.

Министрлер кабинетинин төрагасы “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууга, “Эркечтам” жана “Торугарт” көзөмөл-өткөрүү пунктарын 7 күн бою 12 сааттан иштөө графигине өткөрүүгө, ошондой эле жаңы пландалып жаткан "Бедел" көзөмөл-өткөрүү пунктун ишке киргизүүгө өзгөчө көңүл бурду.

Министрлер кабинетинин башчысы КР министрлер кабинети бардык чет элдик инвесторлор үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүп жатканын белгиледи.

Акылбек Жапаров ошондой эле Кыргызстан кытай тарап менен кызматташууга өзгөчө маани берээрин айтты жана өлкөнүн географиялык абалын эске алуу менен Кыргыз Республикасы евразиялык сооданын борбору жана экспортко багытталган товарларды чогултуу, сактоо, сорттоо жана үчүнчү өлкөлөргө жөнөтүү боюнча аймактык логистикалык борбор болууга даяр.

Өз кезегинде Кытай Соода-өнөр жай палатасынын төрагасынын орун басары Люй Янь белгилегендей, Соода-өнөр жай палатасы 500дөн ашуун кытайлык ири компанияларды бириктирет жана Кыргыз Республикасы менен практикалык тыгыз кызматташууга даяр.

Пикир

Оставить комментарий