• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Маркум Сания Шакированын апасы кызынын өлүмү боюнча кылмыш ишиндеги өзүм билемдик тууралуу айтты

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.08.18. /Кабар/. Маркум “Дүйнө сулуусу-2018” сынагынын жеңүүчүсү Сания Шакированын апасы Насипа Мамбеталиева “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө кылмыш ишиндеги өзүм билемдик тууралуу айтып берди.

Эске салсак, Шакирова каза болгон жол кырсыгы 2-июнда Ысык-Көлдө болгон. Таксинин айдоочусу батышты көздөй бара жатып, башкаруусун жоготуп, тосмону сүзгөн. Унаада эки адам болгон. Сания Шакирова алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерден каза болгон, жүргүнчү жана айдоочу жаракат алышкан. Көп өтпөй рулда отурган адам Сания Шакированын болочоктогу жолдошу 31 жаштагы Ч.К. экендиги белгилүү болгон. Ал мас абалында болгондугу айтылган.

Мамбеталиеванын айтымында, кырсыктан кийин ал кылмыш иши менен жакындан таанышып чыккан. Тергөө аяктагандан кийин шектүүнү 2 айга камакка алышкан.

Бирок 20 күндөн кийин аны ден соолугунун абалы боюнча жана анын карамагындагы 3 жашы жете элек баласына байланыштуу үй камагына чыгарышкан.

“Эмне үчүн сот Сания Шакированын артында дагы кичинекей балдары калганын эске алган жок? Ал камакта отурганда мен тынч болуп калдым эле. Адам кылмыш жасап жатат. Ал мас абалында рулга отуруп, саатына 170 чакырым аралыкта айдады. Ал 2016-жылы да соттолгон. Бирок сот муну эсепке албай, буга чейин соттолбогонун айтты. Эмнеге азыр ал эркиндикте жүрөт? Аны киши өлтүргүч десек болот да”, - деди Насипа Мамбеталиева.

Пикир

Оставить комментарий