• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Матраимовдордун кармалышы. УКМК жалган маалыматтарды таратуудан карманууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 28.03.24. /Кабар/. КР УКМК Азербайжан Республикасынын атайын кызматтары менен биргеликте 25-мартта Баку шаарында эл аралык издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов менен бирге анын бир туугандарын кармаган — Тилек, Руслан жана Исламбек.

Учурда Райымбек Матраимовго карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана 222-беренеси “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)” белгилери боюнча кылмыш иши жүрүп жатат.

"Бир тууган Матраимовдордун кармалышы боюнча интернет жана социалдык тармактардын кыргыз сегментинде деструктивдүү адамдар жана фейк аккаунттар тарабынан алардын кылмыштуу ишин актоо боюнча жалган маалыматтарды жайылтуу фактылары байкалууда. Деструктивдүү күчтөрдүн мындай аракеттери Кыргызстандын имиджине, прогрессивдүү өнүгүшүнө жана туруктуулугуна коркунуч алып келет", - деп билдиришти УКМКдан.

Мындан улам КР УКМК интернет тармагынын колдонуучуларын бул факт боюнча чагымчыл инсинуацияларды жайылтуудан алыс болууга чакырат, ошондой эле коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна жана мамлекеттин коопсуздугуна зыян алып келиши мүмкүн болгон аракеттер үчүн кылмыш жана башка жоопкерчиликтер каралганын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий