• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек менен Бакунун ортосунда түз аба каттамын жандандыруу маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 24.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын Азербайжан жана Грузиядагы элчиси Кайрат Осмоналиев "Азербайжан Авиа жолдору" ЖАКтын (AZAL) жаңы дайындалган президенти Самир Муса оглы Рзаев менен жолугушту.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталында Баку менен Бишкектин ортосунда түз аба каттамдарын кайрадан жандандыруу маселелери талкууланды.

Элчи Осмоналиев эки өлкөнүн ортосундагы түз аба байланышынын эки тараптуу мамилелерди чыңдоо, өзгөчө туризмди жана экономикалык дипломатияны өнүктүрүү үчүн маанилүүлүгүн жана зарылдыгын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы биргелешкен кызматташууну макулдашты.

Белгилей кетсек, 2022-жылдан бери Кыргызстан менен Азербайжан стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине жетишти, ал тереңдеп жана кеңейүү тенденциясына ээ.

Пикир

Оставить комментарий