• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте 1-сентябрдан тарта кызыл "Тулпар" карталары берилген пункттардын бири ишин токтотот

Коом 0

Бишкек, 24.08.20. /Кабар/. 1-сентябрдан тарта жеңилдиктер каралган категориядагы жарандар үчүн чыгарылган кызыл "Тулпар" карталары берилген Бишкек шаардык троллейбустук башкармалыктагы пункт ишин токтотот. Бул тууралуу Бишкек шаарыны мэриясынан билдиришти.

Калган пункттарда - райондук акимчиликтерде кызыл карталар мурункудай эле бериле бермекчи.

Кызыл карталарды кайдан алууга болот?

Ленин районунун акимчилиги - Чүй проспектиси 315 (Фучик көчөсү менен кесилишет);

Октябрь районунун акимчилиги - Байтик Баатыр көчөсү 17 (Медеров көчөсү менен кесилишет);

Свердлов районунун акимчилиги - Чүй проспектиси 28 (7-Апрель көчөсү менен кесилишет);

Биринчи май районунун акимчилиги - Жибек-Жолу проспектиси 348 (Логвиненко көчөсү менен кесилишет).

Ал эми көк карталарды автобус-троллейбустун айдоочуларынан жана уюлдук операторлордун кеңселеринен алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий