• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМ эскертет: Жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартылат

Коом 0

Бишкек, 24.08.20. /Кабар/. Ички иштер министрлиги жалган маалыматты тараткан жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет.

КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кечээ WhatsApp тиркемеси аркылуу аудио билдирүү тарап, анда түнкү убакта учактар менен дары чачып, андан балдар ооруй тургандыгы айтылган.

"Бул багытта ИИМ тиешелүү ыкчам-иш-аракеттерди жүргүзүүдө. ИИМ кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жалган маалымат тараткандар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 344-беренесине (Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган маалымат таратуу) ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет. Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды таратпоого чакырат. Ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына "102" кызматы аркылуу маалымдасаңыздар болот", - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий