• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россиянын Жогорку сотунун төрагасы Вячеслав Лебедев каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 24.02.24. /Кабар/. Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Россиянын Жогорку сотунун төрагасы Вячеслав Лебедев каза болгонуна байланыштуу туугандарына жана жакындарына, ошондой эле жалпы сот тутумуна терең кайгыруу менен көңүл айтты. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

"РФ Жогорку сотунун төрагасы Вячеслав Лебедевдин дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

— Вячеслав Михайлович өз өмүрүн Россия Федерациясынын кызыкчылыктарына кызмат кылууга арнаган жана сот тутумунун чыныгы лидери болгон.

Вячеслав Михайлович мен үчүн кесиптеш гана эмес, ошондой эле эң жогорку кесиптик деңгээлге, жогорку моралдык жана этикалык принциптерге ээ болгон адам болгон. Ал орус укугун реформалоого болгон күч аракетин жумшап, ошондой эле биздин сот системаларыбыздын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана өз ара аракеттешүүнү кеңейтүүгө өз салымын кошту.

Кыргызстандын судьяларынын жана жеке өзүмдүн атымдан туугандарына жана жакындарына, ошондой эле Россия Федерациясынын сот системасынын кызматкерлерине терең кайгыруу менен көңүл айтам", - деп айтылат Замирбек Базарбековдун катында.

Пикир

Оставить комментарий