• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

МБК августта 9,77 млрд сом бажы төлөмдөрүн чогултту

Коом 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. 2023-жылдын август айына (2023-жылдын 1-сентябрынын абалына карата) Мамлекеттик бажы кызматы (МБК) республикалык бюджетке 9,77 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылды. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул айына салыштырмалуу 2,2 млрд сомго көп.

МБКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, план 104,6%га аткарылып, 783,7 млн сомго ашыкча чогултулган.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча (2023-жылдын 1-сентябрынын абалына карата) бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндө түшүүсү 68,5 млрд сомду түздү. Былтыркы жылдын 8 айына салыштырмалуу түшүү 23,7 млрд сомго көбөйгөн.

Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 107,6%га аткарылган же 4,8 млрд сомго көп чогултулган.

Пикир

Оставить комментарий