• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Медакадемияда искусствонун адамдын психологиясына тийгизген таасири боюнча эл аралык конференция өтөт

Коом 0

Бишкек, 19.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында искусствонун медицинадагы орду, адамдын психологиясына тийгизген таасири боюнча эл аралык конференция өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында КР эл артисти, "Кыргыздын салттуу музыкасы" фондунун негиздөөчүсү Роза Аманова билдирди.

Эскерте кетсек, Бишкекте 20-25-апрелде салттуу музыка жумалыгы өтүп, анын алкагында 45тен ашык өлкөнүн илимпоздору жана салттуу музыканы алып жүрүүчүлөрдүн катышуусунда IX Эл аралык музыка жана бий конгресси болот.

Роза Аманованын пикиринде, быйылкы жумалыктын өзгөчөлүгү аталган конгресстин Кыргызстанда өтүшү.

“Анда искусствонун медицинадагы орду, адамдын психологиясына тийгизген таасири боюнча эл аралык конференция медакадемияда өткөнү турат. Иш-чара 21-апрелде саат 13:00дө башталат. Конференцияда кыргыз күүлөрү, “Манас” эпосундагы эмоционалдык таасирлер аркылуу ооруларды дарылоо талкууланат. Кыскача айтканда, салттуу музыкалык искусствонун адамдардын психологиясын жана ден соолугун чыңдоодогу орду каралат”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий