• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда аттракциондон кулап түшкөн эки жаран ооруканага жеткирилди

Кырсык 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Жалал-Абадда аттракциондон кулап түшкөн эки жаран ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 16-апрелинде болжол менен саат 23:55те Жалал-Абад шаарынын Жеңиш паркындагы аттракционго Сузак районунун 25 жаштагы Н.Ж., жана Н.Н., аттуу тургундары ойногону чыгышкан, бирок отургуч сынып кетип, жыгылып кетишкен.

Жабыркаган эки жаран Жалал-Абад облустук ооруканасына жеткирилген.

Окуя Жалал-Абад шаардык милициясынын КБРнын "Кокустук” беренеси менен катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий